Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:47

Ирактын бийлик өкүлдөрү элин "Ислам мамлекети" аталган терорчул тобуна каршы күрөшүп жаткан кыйын мезгилде нааразылык акциалардан баш тартууга чакырган. Ага карабай Багдаддын борбордук көчөлөрүнө миңдеген адамдар нааразылыгын билдирип чыкты.

Шииттердин таасирлүү имамы Моктада ал-Садр баштаган демонстранттар башталган реформаларды аягына чыгарууну, коррупция менен күрөштү жандандырууну өкмөттөн талап кылышты.

Ирактын премьер-министри Хайдер ал-Адаби бир нече ай мурун убада кылган министрлер кабинетиндеги кадрлык өзгөрүүлөрдү ишке ашыра албай калганы нааразылыкка чыккандардын негизги жүйөсү болду.

3-июлда 292 адамдын жанын алган жардыруудан кийин Багдадда чыңалуу күчөп атканын байкаса болот.

Ирак аскерлери бул акцияны "мыйзамсыз" деп атап, демонстранттарды террорчуларга теңеген.

XS
SM
MD
LG