Линктер

Кыргызстан Түркиянын мыйзамдуу бийлигин колдойт жана бул өлкөдө тезинен тынчтык, тартип орношун каалайт. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугушууда билдирди.

Министр Түркиядагы соңку кырдаал жана ал жактагы кыргызстандыктардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Президент Түркия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү экенин белгилеп, бул өлкөнүн демократиялык жол менен шайланып келген мыйзамдуу бийлигин кулатуу үчүн күч колдонууга жол берилбеши керектигин баса белгиледи. (RK)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG