Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:25

Караколдо «Улут баскан улуу жол» түнкү этнофестивалы өтөт


Фестивалга даярдык
Фестивалга даярдык

Караколдо бүгүн түнү «Улут баскан улуу жол» деген аталыш менен алгачкы түнкү этнофестиваль өткөнү жатат. Быйылкы Тарых жана маданият жылына карата уюштурулган бул иш-чаранын максаты - кыргыз элинин бай маданий мурасынын көп түрдүүлүгүн, жеринин кооздугун, элинин биримдигин даңазалоо.

Облустун ар бир районунан келген, ар улуттун өкүлү болгон өнөрпоздор өз өнөрүн көрсөтөт, китеп көргөзмөсү, концерт уюштурулуп, документалдуу, көркөм тасмалар көрсөтүлөт.

Калпак фестивалы уюштурулуп, калпактын жана элечектин түрлөрү, аларды туура кийип жүрүүнүн жол-жобосун көрсөткөн мастер-класстар да болот.

Аталган маданий иш-чараны өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү Каракол шаарынын мэриясы жана маданият министрлиги менен бирге уюштурууда. (RK)

XS
SM
MD
LG