Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:46

Түркияда каза болгон жана жараат алгандар арасында кыргызстандыктар жок. Алдын ала маалымат ушундай экенин кыргыз Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Түркияда түндө бийликти күч менен басып алуу аракети жасалып, ишке ашкан жок.

Окуяда 104 козголоңчу жок кылынды. Бул тууралуу мамлекеттик телеканалдын түз эфиринен сүйлөп жатып Башкы аскердик штабдын төрагасынын орун басары Үмит Дүндар билдирди.

Мындан тышкары, Дүндардын айтуусунда, 41 полиция кызматкери, 2 аскер жана 47 жай тургун набыт кетти.

Ал эми жараат алгандар саны 1563 адам. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG