Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:41

Түркиядагы соңку окуяга байланыштуу күч органдарына көрсөтмө берип жаткан курсанттар арасында кыргызстандык бир бала бар. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Түркиядагы кыргыз элчилиги аны менен такай байланышта болууда.

Маалыматка караганда, Анкарадагы жөө аскерлер окуу жайынын Гелиболуда машыгууда жүргөн үч ротасы коопсуздукту камсыз кылуу жана көрсөтмө берүү үчүн аскердик бөлүктөрдүн бирине жеткирилген.

Ал эми Стамбул шаарындагы Кулели аскер академиясында кечээ мамлекеттик төңкөрүш аракетине байланыштуу 80 курсант кармалган. Алардын арасында кыргызстандыктар жок экени расмий кабарланган. "Аскер академиясындагы бардык биздин курсанттар Кыргызстанда каникулда" деп билдирди "Азаттыкка" Стамбулдагы кыргыз консулдугу. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG