Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:03

Түркия: Каза тапкандар саны 265ке жетти, жарадарлар 1400 адам


Түркияда соңку окуялардан каза тапкандардын саны 265ке жетти, жараат алгандар 1400 адам. Өлгөндөрдүн 100дөн ашууну жок кылынган козголоңчулар экенин расмий бийлик кабарлоодо.

Окуяга байланыштуу 2,5 миңге жакын адам кармалды. Алар азыр сурак берүүдө. Мындан тышкары 2 миңден ашуун судья кызматтан алынганы айтылды.

Ишембиге караган түнү Түркияда айрым аскер жетекчилеринин буйругу менен мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалып, ишке ашкан жок.

Учурда окуя болгон Анкара менен Стамбулда жашоо акырындап өз нугуна келе баштады.

Бийлик төңкөрүш аракетине өзүнүн каршылашы, бозгундагы диниятчы, учурда АКШда жашап жаткан Фетхуллах Гүленди айыптоодо. Бирок ал мындай айып негизсиз экенин айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG