Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:53

Ереванда полиция участогуна жасалган чабуулдан бир адам каза тапты


Арменияда полиция имаратындагы окуядан бир адам набыт болду, дагы бир нече адам жараат алды. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, окуя борбор шаар Еревандын Эребуни районундагы полиция участогуна белгисиз куралчан топ кирип барганда башталган.

Шаардын полиция башчысынын орун басары Валерий Осипян барымтага алынганы кабарланууда.

Учурда имаратты аскерлер жана полиция кызматкерлери курчап турат.

Буга чейин кабарлангандай, эртең менен куралчан топ полиция участогуна бастырып кирип барып, камакта жаткан оппозиционер Жирайр Сефилянды бошотууну талап кылган. Сефилян мыйзамсыз маңзат сатып алган, сактап жүргөн деген айып менен кармалган. (RK)

XS
SM
MD
LG