Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Армениянын президенти чукул жыйын өткөрдү


Серж Саргсян
Серж Саргсян

Армениянын президенти Серж Саргсян өз редиденциясында тартип сакчыларына жооптуу мамлекеттик кызматкерлер менен барымтадагы адамдарды куткаруу боюнча чукул жыйын өткөрдү.

Президенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, чогулушка келгендер Еревандагы куралдуу кол салуу тууралуу акыркы маалыматтарды беришти. Тартип сакчылары абалды толук көзөмөлдөп, анын чечилишине керектүү бардык чараларды көрүп жатышканы маалым болду.

17-июль күнү эртең менен куралчан топ полиция участогуна бастырып кирип, камакта жаткан оппозиционер Жирайр Сефилянды бошотууну талап кылган. Сефилян мыйзамсыз маңзат сатып алган, курал сактап жүргөн деген айып менен 22-июнда кармалган.

Куралдуу топ президент Серж Саргсяндын отставкасын да талап кылууда.

Оппозиция өкүлү Варужан Аветисян талаптары аткарылмайынча, имараттан чыкпай тургандарын билдирди. Айрым маалыматтарга караганда, ал жерде 25тей адам бар. (BCh)

XS
SM
MD
LG