Линктер

Маркум Сүйүнбай Эралиев менен коштошуу зыйнаты бүгүн Кыргыз академиялык драма театрында өтөт. Митинг-реквием саат 10:00дө башталат. Акындын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Сүйүнбай Эралиев 16-июлда 95 жашында дүйнө салды. Ал 1921-жылы Талас районундагы Үч-Эмчек айылында туулган. Акындын ырлары 1939-жылдан тарта жарыялана баштаган. Алгачкы жыйнагы «Биринчи жаңырык» деген ат менен 1949-жылы жарык көргөн. Эралиев кыргыз поэзиясында биринчи болуп эркин ыр формасын 1966-жылы жазылган «Жылдыздарга саякат» поэмасында пайдаланган.

Ал кыргыз окурмандары үчүн орус адабиятынын классиктери Александр Пушкиндин, Михаил Лермонтовдун, Александр Твардовскийдин чыгармаларын которгон. Акын көп жыл гезит-журналдарда, жазуучулар союзунда иштеген. 1974-жылы Кыргыз эл акыны наамын алган. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын, III жана I даражалуу Манас, “Элдердин достугу” ордендеринин ээси. Кыргыз Республикасынын баатыры.

XS
SM
MD
LG