Линктер

Түркиядагы соңку окуяга байланыштуу күч органдарына көрсөтмө берип жатканы кабарланган кыргызстандык курсанттын башаламандыктарга катышы жок. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов ал убактылуу аскердик бөлүмдө кармалып турганын ырастап, муну коопсуздук менен байланыштырды. Анын айтымында, Түркия менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, Кыргызстандан курсанттар ал жакка барып билим алышат. Акыркы тополоңдо алардын бири маданий иш чаранын алкагында ар кайсы мамлекеттин өкүлдөрүнөн куралган 3 ротанын арасында Чанаккалеге кеткен.Тополоң башталып кеткендиктен, коопсуздук жана ар кандай окуялардын алдын алуу үчүн түрк бийлиги аларды бөлүктөн чыгарбай кармап турат. Эртең алар бөлүктөн чыгарылып, Измир шаарына жөнөп кетишет.

17-июлда Тышкы иштер министрлиги Анкарадагы жөө аскерлер окуу жайынын машыгууда жүргөн үч ротасы коопсуздукту камсыз кылуу жана көрсөтмө берүү үчүн аскердик бөлүктөрдүн бирине жеткирилгенин маалымдалган. Ага чейин Стамбул шаарындагы Кулели аскер академиясында мамлекеттик төңкөрүш аракетине байланыштуу 80 курсант кармалып, арасында кыргызстандыктар жок экени расмий кабарланган. Стамбулдагы кыргыз консулдугунун маалыматы боюнча, кыргызстандык калган курсанттар мекенинде жайкы эс алууда жүрүшөт. (NT)

XS
SM
MD
LG