Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:33

Кыргызстанда 18 миңден ашуун жумуш орду бош


Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Кыргызстанда 18 миң 200 жумуш орду бош экенин билдирди. Эгер жумуш издөөчүлөрдүн саны менен салыштырса, ар бир орунга 14 адам туура келет. Статистика ушул жылдын 1-июлуна карата чыгарылган.

Министрликтин маалыматына караганда, жыл башынан бери иш издеген 15 миңден ашуун киши жумуш тапкан.

Кыргызстан дүйнөдөгү жумушсуздар саны көп өлкөлөрдүн катарына кирет. Мамлекетте иш орундары жок болгондуктан, жүз миңдеген жарандар Орусия, Казакстан, Түштүк Корея жана башка мамлекеттерге мигрант болуп кетишкен. (SE)

XS
SM
MD
LG