Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:49

Эрдогандын көз жашы "саясий шоу" катары сыпатталууда


Президент Эрдоган үй-бүлө мүчөлөрү менен Стамбулдун аэропортунда. 16-июль, 2016-жыл.

Президент Эрдоган үй-бүлө мүчөлөрү менен Стамбулдун аэропортунда. 16-июль, 2016-жыл.

17-июлда түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган тополоң учурунда Стамбулдагы Босфор көпүрөсүндө каза тапкан бийликчил АК партиянын өкүлдөрүнүн бири Эрол Олчак жана анын 16 жаштагы уулунун тажыясына катышты. Эрдоган сөз сүйлөй албай көзүнө жаш алды. Анын абалы дүйнөлүк социалдык түйүндөрдө "саясий шоу" катары сынга алынууда. Ошондой эле түрктөрдүн арасында президентти колдоп жазгандар да арбын.

Тажыяга Түркиянын экс-президенти Абдуллах Гүл, мурдагы премьер-министр Ахмет Давутоглу жана башка министрлер да келишти.

Маркум Эрол Олчак президенттин жакын санаалашы болгону айтылууда. Эрдоган анын тажыясында "бул жаңжалдын күнөөкөрлөрү тез убакытта жазага тартыларын" билдирди. Өлкөдө соңку окуяларда каза тапкандар жерге берилүүдө. Акыркы маалымат боюнча, төңкөрүш аракети учурунда 290 адам набыт болду. (ElB/NT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG