Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Баткенде энелердин cаламаттыгы боюнча көчмө жыйын өтөт


Энелердин жана ымыркайлардын саламаттыгы боюнча тажрыйбалуу адистер 18-24-июль күндөрү Баткен облусуна барып, төрөттөн каза болгон аялдардын көйгөйлөрү менен жеринде таанышат. Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, бир жумалык сапарды “Эне болуудагы коопсуздук” долбоорунун алкагында Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Алфия Самигуллина уюштурууда.

Иш сапарга барчулардын курамында Адамдын репродуктивдүүлүгү боюнча улуттук борбордун, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчилери жана адистери бар. Алар алгач облустук төрөт үйүнө барышат. Андан ары кош бойлуу аялдар менен иштеген мекемелерде болушат. Баткен өлкөнүн эң алыскы аймагы болгондуктан, алдын алуу иштерин ушул облустан баштоо чечими кабыл алынган.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда жыл сайын ондогон аялдар төрөттөн көз жумушат. Быйыл жыл башынан бери эле 50дөн ашуун аял каза тапкан. Дарыгерлер буга аялдардын өз ден-соолугуна кайдыгер мамилеси себеп экенин айтышса, коомчулук ак халатчандардын шалаакылыгын негиз кылышат. (SE)

XS
SM
MD
LG