Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:44

Алматыдагы полиция бөлүмүндө ок атышуу болгону кабарланууда


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Алматы шаарындагы Алмалы райондук Ички иштер бөлүмүндө бүгүн ок атышуулар болгонун жергиликтүү маалымат булактары кабарлады. Tengrinews маалымат сайты билдиргендей, райондук ИИБ имараты курчоого алынган. Бөлүмдүн кезметчиси айгай жарыяланганын “Азаттык” радиосунун казак кызматына билдирген. Жараат алгандар бар экени ыктымал.

Total сайты алдын ала маалыматтарга таянып билдиргендей, белгисиз киши имараттын кире беришиндеги полиция кызматкерине ок аткан.

WhatsApp аркылуу канжалаган тартип сакчыларынын жана полицияга ок аткан деп болжолдонгон бир кишинин сүрөттөрү тарап жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG