Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:05

Кыргыз-түрк “Манас” университети Түркиядагы окуяларды айыпташты


Түркия, 17-июль, 2016-жыл.
Түркия, 17-июль, 2016-жыл.

Түркияда 16-июлга караган түнү болгон окуяларга байланыштуу бүгүн Бишкектеги кыргыз-түрк “Манас” университетинде жыйын өтүп, окуу жайдын жамааты аскерлердин бийликти басып алуу аракетин сындаган билдирүү таратышты.

Университеттин ректору Себахаттин Балжы “Азаттык” радиосуна кыргыз бийлиги Анкара жана Стамбулда болгон окуялардан сабак алышы керектигин, кутум уюштуруучулар бардык жерде болушу ыктымалдыгын белгиледи.

Түркияда аскерий төңкөрүш аракети деп сыпатталган окуяларда акыркы маалымат боюнча, 290 адам набыт болду. Расмий Анкара төңкөрүш жасоону Фетхулах Гүлендин “террордук тобу” жасаганын билдирүүдө. Фетхуллах Гүлен мындай айыптоону четке кагып, бул ишке эч кандай катыштыгы жок экенин ырастады. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG