Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:45

Азиздер жана дүлөйлөр коомунун жетекчиси Калык Мамбетакунов иштен кетти


Кыргызстандын Азиздер жана дүлөйлөр коомунун жетекчиси Калык Мамбетакунов ден соолугуна байланыштуу өз каалоосу менен иштен кетти. Бул тууралуу парламенттин КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов “Азаттык” радиосуна билдирди.

Азиздер жана дүлөйлөр коомунун 50дөй мүчөсү турак жайга байланыштуу жетекчиликке көптөн бери нааразылык билдирип келишкен. Алар Калык Мамбетакунов коррупцияга аралашканын айтышып, майыптарга курулган 225 батирдин 10-15 чактысы башка адамдарга жең ичинен берилип кеткенин белгилешкен. Муну иликтөө үчүн өткөн айда атайын топ түзүлгөн.

Мамбетакунов болсо айтылгандарды куру доомат катары баалап, өлкө боюнча үй алууга кезек күткөн майыптардын саны 2500гө жакын экенин жана алардын баарын батир менен камсыздоого чама жетпей жатканын билдирген. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG