Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:17

Атамбаев “Азия MIX” тобун жеңиши менен куттуктады


Президент Алмазбек Атамбаев “Азия МIХ” тамаша тобун Орусияда өткөн “Голосящий КиВиН 2016” музыкалык фестивалындагы жеңиши менен куттуктады. Маданий иш-чара Калининград облусунун Светлогорск шаарында 17-июлда болгон.

Атамбаев команданын оюндары кызыктуу экенин жана Кыргызстанды позитивдүү жактан таанытып жатканын белгиледи.

Аталган фестиваль эки жылдан бери уюштурулат. Быйыл ага 23 команда катышты. Жыйынтыгында баш байгени жана 400 миң рублди “Азия MIX” алды. Фестивалдын кийинки айлампасы эми Бишкекте өтөт.

Бишкектин атынан чыгып жүргөн “Азия МIХ” соңку жылдары Орусиядагы КВНдин эң көрүнүктүү командасына айланган. Топтун курамында кыргызстандыктардан тышкары, Казакстандан жана Өзбекстандан улан-кыздар бар.

XS
SM
MD
LG