Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:28

Алматыда террорчуларга каршы операция аяктады


Казак полициячылар кылмышка шектүү адамды кармап жаткан учуру. 18-июль, 2016.

Казак полициячылар кылмышка шектүү адамды кармап жаткан учуру. 18-июль, 2016.

Алматыдагы террорчуларга каршы атайын операция аягына чыгып, террор коркунучунун "кызыл" даражасы "сарыга" өзгөртүлдү.

Алмалы районунун ички иштер бөлүмүнө чабуул жасаган деп эки шектүү кармалгандыгын Казакстандын Ички иштер министрлиги кабарлады. Кол салгандар менен атышуу учурунда беш полиция кызматкери каза таап, дагы жетөө ооруканага оор абалда жеткирилди.

Бүгүн эртең менен белгисиз киши Алмалы райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратына кирүүгө аракеттенген. Кароолдо турган полиция кызматкерин жарадар кылып, автоматын тартып алган. Атышуулардын натыйжасында согушкер жарадар болуп колго түшкөн.

Кармалгандардын экинчиси айдоочу болгонун жана полициячыларга ок чыгарган кишини унаа менен ташып жүргөнү маалым болду.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев окуяны теракт катары баалады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG