Линктер

Тереза Мэй: Орусия менен Кытайдан кооптонууга негиз бар


Британиянын премьер-министри Тереза Мэй

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй өлкө өзөктүк куралдан баш тартпашы керек деген пикирин билдирди.

Дүйшөмбү күнү парламентте сөз сүйлөп жатып ал "британиялык өзөктүк арсенал жарым кылымдан бери Британиянын улуттук коопсуздук системасынын жана коргонуунун негизин түзүүчү бөлүгү" болуп келгендигин жана андан баш тартуу туура эмес экендигин айтты.

Анын айтымында, Орусия жана Түндүк Корея сыяктуу өлкөлөрдөн келген коркунуч негиздүү.

Ошентип премьер-министр өзөктүк арсеналды өнүктүрүү боюнча миллиарддаган каражатты талап кылчу планды колдоду. Бул боюнча 18-июлда депутаттардын добуш берүүсү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG