Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:13

Кыргыз милициясы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат


Коопсуздук күчтөрү.
Коопсуздук күчтөрү.

Казакстандагы окуяларга байланыштуу кыргыз милициясы күчөтүлгөн тартипте иштей баштады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов “Азаттык” радиосуна билдирди. Укук коргоо органдарынын күчөтүлгөн тартипте иштөөсү канчага чейин уланары азырынча белгисиз. Анын алкагында диний экстремизмге каршы рейддер уюштурулуп, күч органдарынын имараттары жана стратегиялык мекемелер катуу кайтарууга алынды.

Алматы шаарында киши өмүрүн алган окуяга байланыштуу кыргыз-казак чек ара өткөрүү пункттарында коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Көзөмөл-өткөрүү пункттарына кошумча аскер күчтөрү жиберилди. (NT)

XS
SM
MD
LG