Линктер

Орусия президенти Владимир Путин Дүйнөлүк допингге каршы агенттигинен (WADA) орус укук коргоо органдарына шылуунчулук фактылары боюнча “толугураак, бейтараптуу” маалымат берүүсүн өтүндү. Бул тууралуу Кремлдин сайтында айтылат.

Антидопинг агенттиги жарыялаган айыптоолорду президент четке каккан жок, бирок аны “спортту геосаясий басымдын куралына айландыруу аракети” катары сыпаттады.

WADA дүйшөмбү күнү баяндама жарыялап, Орусиянын допингге каршы лабораториялары спортчулар тыюу салынган кызытмаларды колдонгон учурларды билип туруп жашырганын айткан. Спортчулардын анализдерине байланыштуу шылуунчулукка Федералдык коопсуздук кызматынын дагы тиешеси бар экени белгиленген. Мындан улам WADA орус спортчуларын бардык эл аралык мелдештерден четтетүүнү сунуштады.

XS
SM
MD
LG