Линктер

Кыргызстан аймагында 18-июлдагы сел кырсыктарынын чыгымдары такталууда. Дуйшөмбү күнү нөшөр жаандан улам дарыяларда суу ташып, өлкөнүн Баткен, Ысык-Көл облустарындагы төрт аймакта сел болгон. Анын айынан Ош-Айдаркен, Бишкек-Балыкчы жолдору жабылып калган. Тазалоо иштери жүрүп, каттам кайра калыбына келтирилген.

Балыкчыда болсо чоңдугу бармактай мөндүр жааган.

Чүй облусунун Токмок шаарында болгон шамалдын ылдамдыгы секундуна 28 метрге жетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Токмок шаардык жарандык коргонуу комиссиясы азыр катуу шамалдан келтирилген зыянды аныктап жатканын билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG