Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Балдарды коргогон адис тартыш


Жаңы конуштагы балдар. Бишкек
Жаңы конуштагы балдар. Бишкек

Кыргызстанда үй-бүлөнү жана балдарды коргоо жаатында иштеген ар бир социалдык кызматкерге 13 миңден бала туура келет.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башкы адиси Тамара Акжолтоева бул тармакта иштеп келатканына быйыл 25 жыл болду.

Ал үй-бүлөнү, балдарды коргоо боюнча азыркы абалды, мурда кандай экенин жана негизги көйгөлөр кайсылар болуп жатканын беш колундай билет. Биз аңгемелешүүгө барганыбызда ал жардамга муктаж үй-бүлө менен жолугууга шашып бараткан экен. Жолдо баратып сүйлөштүк:

- Мурунку убакта жумуш азыраак болчу. Азыр бөлүм чоңойду, иш көбөйдү. Кароосуз калган балдар, кыйналган үй-бүлөлөр менен иш алып баруу кеңейди. Адистер жетишпей жатат. Себеби бир үй-бүлө менен иштеш үчүн анын үйүнө барып, кагаздарды толтуруп, өздөрү менен такай байланышта болуп туруу зарыл. Тилекке каршы, айрым ата-энелер түйшүктүн баарын бизге үйүп коет. Жада калса документинин баарын даярдап берсең да, балдарынын күбөлүгүн барып алгысы келбегендер бар.

Тамара Акжолтоева сыяктуу үй-бүлөнү коргоо жаатында иштеген адистердин саны Кыргызстан боюнча 160 -170тей адам. Алар өздөрү тейлеген шаар, айылдарда кыйналган үй-бүлөлөр боюнча гана көзөмөл жүргүзбөстөн, ошол жердеги бардык балдарды, үй-бүлөлөрдү каттоого алып, укук бузуу, зомбулук болгонун-болбогонун текшерип турушу керек.

Өлкөдө 18 жашка чейинки балдардын жалпы саны 2,5 миллионго чамалап калганын эске алсак, мындай кызматкерлердин ар бирине 13 миңден бала туура келерин Социалдык өнүгүү министрлиги эсептеп чыкты.

Дал ушул себептен, адистердин жетишсиздигинен, укук коргоочулардын айтуусунда, мамлекеттин көзөмөлүнө, жардамына муктаж балдарды аныктоо жакшы жүрбөй жатат.

“Балдарды коргоо борбору” бейөкмөт уюмунун социалдык кызматкери Таалай Жакыпов:

- Бир-эки жаңы конушка бир тирилик кызматкери берилген. Албетте, алар ошонун баарын толук анализдеп, аныктай албайт да. Балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык кызмат көрсөтүү деген дээрлик жок. Көңүлү чөгүп, депрессия болуп турган балдарды аныктап, үй-бүлөсүнө жардам, кеңеш бере турган психологдор жок экен да бизде.

Ал эми “Балдардын укугун коргоочулар лигасы” уюмунун жетекчиси Назгүл Турдубекова жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги негизги ролду ойнорун айтууда:

- Айыл өкмөттөрдүн башчылары көп учурда биринчи кезекте кыйынчылыкта жашаган үй-бүлөлөргө көңүл бурбай, материалдык маселелерге басым жасоодо. Албетте, баары эле андай эмес, арасында жакшы иштегендер бар, бирок андайлар аз. Жергиликтүү депутаттар айыл өкмөтүн шайлоодо мына ушуга көңүл бурбаса, акыбал оор бойдон кала берет.

Ошону менен катар укук коргоочулар соңку кезде кыйналган үй-бүлөлөрдү аныктоо ишинде жакшы жылыштар да бар экенин белгилешет.

Эки жашар Ибрагим деген наристенин окуясынан кийин зомбулукка кабылган балдар көйгөйү ачыкка чыгып, бул жаатта иш күчөтүлгөн.

Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев дал ушул максатта учурда Кыргызстан боюнча 523 штаб иштеп жатканын айтууда:

- Ар бир облуста, айыл өкмөттө ушундай штаб бар. Зордук-зомбулукту алдын алуу үчүн түзгөнбүз. Курамында айыл өкмөт кызматкерлери, милиция, мугалимдер жана аксакалдар кирет. Былтыр бул штабдын мүчөлөрү республика боюнча 316 миң үй-бүлөнү текшерип чыккан.

Сүлүктү кенинде иштеген балдар
Сүлүктү кенинде иштеген балдар

Бул текшерүүлөрдүн жыйынтыгында ата-энеси мигрант болуп кетип, туугандарынын же жөн эле тааныштарынын колунда калып, зордук-зомбулукка кабылган балдар тууралуу үрөйдү учурган бир нече факт катталган.

Министрликтин маалыматына караганда, жардамга муктаж балдардын так санын айтуу дээрлик мүмкүн эмес, себеби бул көрсөткүч улам өзгөрүп турат.

Былтыр, мисалы, социалдык коргоо кызматкерлери үймө-үй кыдырып жүрүп кыйналып жашап жаткан 6 миң 650 үй-бүлөнү аныктаган. Алардын 72% көмөк көрсөтүлүп, жардамга муктаж деген категориядан чыгарылгын.

XS
SM
MD
LG