Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

ФИФА орусиялык футболчулар арасындагы допинг учурларын иликтейт


Орусиянын спорт министри Виталий Мутко, вице-премьер-министр Дмитрий Козак, Допингге каршы борбордун жетекчиси Григорий Родченков.
Орусиянын спорт министри Виталий Мутко, вице-премьер-министр Дмитрий Козак, Допингге каршы борбордун жетекчиси Григорий Родченков.

ФИФА орусиялык футболчулар арасында да допинг учурлары катталганы маалымдалган баяндамадан кийин “тиешелүү чара көрүлөрүн” билдирди.

Дүйшөмбү күнү Допингге каршы Дүйнөлүк агенттик – WADA жарыялаган иликтөөдө орусиялык лабораториялар тыюу салынган заттарды колдонгон спортчулардын анализдерин атайлап жашырышканы айтылган. Андай бурмалоолорго коопсуздук кызматтары да аралашканы белгиленген.

WADA орусиялык спортчуларды бардык эл аралык мелдештерден четтетүүгө чакырды. ФИФА футболчуларга байланышкан фактыларды талап кыларын ырастады. Баяндамада Орусиянын спорт министринин орун басары Юрий Нагорных кайсы спортчунун оң чыккан анализдерин жаап-жашыруу керектигин өзү чеччү, ал эми футболчулар боюнча чечим түздөн-түз министр Виталий Мутко тарабынан кабыл алынып турчу деп айтылган.

Акыркы кабарларга караганда, премьер-министр Дмитрий Медведевдин буйругу менен Нагорных кызматынан убактылуу четтетилди. Министрдин орун басары курама командалардын медициналык-биологиялык, санитардык жана медициналык тейлөөсү үчүн жооп берчү.

XS
SM
MD
LG