Линктер

Журналист Дайырбек Орунбековдун maalymat.kg сайты жабылды. Бул тууралуу журналист өзү “Азаттык” радиосуна билдирип, сот аткаруучулар домендерди каттаган “Азия инфо” уюмуна барып, сайтка бөгөт койдурганын айтты:

-Мага караштуу мүлктөргө арест коюлсун деп чечим чыккан. Булар менин сайтымды жаап салышты. Сайт мүлк болуп эсептелбейт да. Соттун чечиминде “президент тууралуу мурда жазылган макаланы төгүндөсүн” деп турат. Сайт жабылышы тууралуу сөз жок эле.

Сот аткаруучулар бул боюнча азырынча комментарий берише элек.

Дайырбек Орунбеков 2014-жылы сентябрда Мaalymat kg интернет сайтына Ош окуясына байланыштуу макаласын жарыялаган. Анда июнь коогалаңына саясий баа берүү маселеси көтөрүлгөн. Башкы прокуратура макалада айтылгандар президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына доо келтирген деп кылмыш ишин козгоону талап кылган. Кийинчерээк доо арызды кароо Жарандык кодекстин негизинде жүргүзүлүп, журналистке миллион сомдук доо коюлган. Кийинчерээк дагы 1 миллион сомго көбөйтүлгөн. Журналист өткөн айдан тарта доону төлөй баштаган.

Maalymat.kg сайтында негизинен оппозициялык маанайдагы макалалар жарыяланып келген. (SE)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG