Линктер

Түрк премьери: Гүлендин экстрадициясы үчүн документтер АКШга жөнөтүлдү


Фетхуллах Гүлен.

Фетхуллах Гүлен.

Түркиянын премьер-министри Биналы Йылдырым расмий Анкара диниятчы Фетхуллах Гүлендин экстрадициясын талап кылып, АКШга документтерди жөнөткөнүн билдирди. Түрк бийлиги 15-июлдагы ишке ашпай калган төңкөрүштүн артында Гүлен турат деп айыптоодо. Диниятчы болсо кутумга тиешеси жоктугун айтууда.«Террорчулардын ана башын өткөрүп алуу үчүн Кошмо Штаттарга 4 досье жибердик. Каалашса, дагы далилдерди беребиз», - деди бүгүн парламентте Бинали Йылдырым.

Премьер АКШ терроризмге каршы күрөштө кош стандарттарды колдонуп жатат деп айыптады. Вашингтон экстрадиция өтүнүчүн так далилдер берилсе гана карарын буга чейин эскерткен.

Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган 1999-жылдан бери АКШда жашап келаткан Гүленди экстрадициялоону улам талап кылып келет. Акыркы жолу 2013-жылы үч министрдин кызматтан кетүүсү менен коштолгон паракорлук жаңжалынан кийин Анкара Вашингтондон Гүленди өткөрүп берүүнү талап кылган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG