Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:41

Алматы шаарында 18-июлда болгон атышуудан курман болгондордун саны алты кишиге жетти. Шаардык ички иштер департаментинен жарадар болгон дагы бир полиция ооруканада көз жумганын маалымдады. Дүйшөмбү күнү белгисиз адам Алмалы райондук полиция бөлүмүнө кирип барып, нөөмөттөгү полицияны жарадар кылып, автоматын тартып алган. Аткылашуу учурунда ал адам жарадар болуп, колго түшүрүлгөн.

Казакстан ички иштер министри Калмуханбет Касымов ал тартип коргоочулардан өч алууну көздөп кол салганын моюнга алганын билдирди. Тергөөчүлөр салафилердин жолдоочусу мурда соттолгонун аныкташты. Мурунку күнү ал бир аялды атып кеткени кабарланды.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG