Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:45

Нарын облусундагы шамал турак үйлөргө зыян келтирди


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Нарын облусунда 18-19-июль күндөрү ылдамдыгы секундасына 28 метрге чейин жеткен шамал согуп, бир катар турак үйлөргө зыян келтирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Кочкор жана Жумгал райондорундагы онго жакын айылдагы үйлөрдүн чатырларын шамал учурган. Арасында Кочкордогу Маданият үйү да бар. Эки районду кошо эсептегенде 571 даана шифер сынган.

Учурда жарандык коргонуу комиссиялары келтирилген чыгымдарды эсептеп жатышат. Мыйзам боюнча, калктуу конуштарда секундасына 25, тоолуу аймактарда секундасына 35 метрге чейин шамал согуп, андан эл жабыр тартса, мамлекет тарабынан жардам берилет. (SE)

XS
SM
MD
LG