Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

Ажылыкка барчулар зыярат эрежелерин үйрөнүп жатышат


Сүрөттө: 2013-жылы ажылыкка барып келгендер
Сүрөттө: 2013-жылы ажылыкка барып келгендер

Кыргызстандан быйыл ажылык сапарга барууну ниет кылгандарга зыярат эрежелери менен кошо Сауд Арабия бийлигинин ажыларга коюлган талаптары үйрөтүлүп жатат. Муфтияттан кабарлашкандай, ушул күндөрү ажылык иштери боюнча штабдын мүчөсү Замир Ракиев Жалал-Абад облусунда эл менен жолугууда. Мындай түшүндүрүү иштери өлкөнүн булуң-бурчунда жүргүзүлөт.

Сауд Арабия жылдагыдай эле быйыл да Кыргызстандан ажылыкка барчулар үчүн 3600 орун берген. Зыяратка баруунун наркы 2600 доллар деп эсептелген. (SE)

XS
SM
MD
LG