Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:00

Пакистан соту экс-президент Первез Мушарафтын активдерин камоону буюрду


Первез Мушараф, Карачи, 14-ноябрь, 2014-жыл.
Первез Мушараф, Карачи, 14-ноябрь, 2014-жыл.

Бул тууралуу бүгүн Мушарафтын адвокаттары билдиришти. Сот чечимине ылайык, мурдагы колбашчы жана президенттин банк эсептери тоңдурулуп, анын мүлкү конфискацияланышы керек.

Пакистан соту мындай чечимди мурдагы президент быйыл март айында Дубайга дарылануу үчүн деп кетип, ошол бойдон сот отурумдарына келбей койгонуна байланыштуу чыгарган.

Мушараф бир нече ирет күнөөлөнүп, мамлекетке чыккынчылык кылган, ошондой эле мурдагы премьер Беназир Бхуттонун 2007-жылы өлтүрүлүшүнө тиешеси бар деп да айыпталууда.

Мушараф 1999-жылы азыркы жана ошол кездеги премьер-министр Наваз Шарифти кандуу аскерий төңкөрүш аркылуу бийликтен кулаткан.

2008-жылы импичмент жарыяланыш коркунучуна кабылганда президенттиктен чегинип, чет өлкөгө сүргүнгө кеткен.

2013-жылы Пакистанга кайтып келгенде, ага өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынган жана бул чектөө быйыл ал дарыланып келүүсү үчүн убактылуу токтотулган болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG