Линктер

21-июлдан 23-июлга чейин Кыргызстанда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Айрым райондордо катуу жаан болот. Бийик тоолуу райондордо кар түшүшү мүмкүн.

21-июлда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, күндүз көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир жерлерде 18-23 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16...+21, күндүз +29...+34,

Талас жергесинде түнкүсүн +12...+17, күндүз +27...+32,

Баткен облусунда түнкүсүн +13...+18, күндүз +29..+34,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +16...+21, күндүз +30...+35,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +10...+15, күндүз +20...+25,

Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +20...+25,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз +7...+12 градус болот.

Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Түнкүсүн +19…+21, күндүз +30…+32 градус болот.

XS
SM
MD
LG