Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:26

Бул маалыматты Вашингтондогу басма сөз жыйында Акүйдүн өкүлү Жош Эрнест ырастады:

-Телефон сүйлөшүүдө Гүлен мырзанын макамы талкууланды. Мен ошондой эле бүгүн эртең менен Түркиянын өкмөтү тарабынан АКШнын өкмөтүнө Гүлен мырзанын макамына байланышкан материалдар электрондук түрдө берилгенин айта алам. Юстиция департаменти жана Мамлекеттик департамент эми бул материалдар кайтарып берүү тууралуу биздин отуз жыл мурда кабыл алынган келишимибизге канчалык ылайык келерин иликтеп көрөт. Президент (Барак Обама) башка эки-үч нерсени да ачык айтты. Кошмо штаттар террорчуларды колдобойт. Кошмо Штаттар демократиялуу шайланган өкмөттү кулатуу үчүн кутумга барган адамдарды колдобойт.

АКШ жана Түркия президенттери телефондон шейшемби күнү сүйлөшкөн.

Түркиянын бийлиги өткөн аптада ишке ашпай калган аскерий төңкөрүш аракетинин артында турган адам катары АКШда жашаган динаятчы Фетхуллах Гүленди айыптоодо. Гүлен Анкаранын мындай дооматтарын четке какты.

Мурдараак Мамлекеттик катчы Жон Керри АКШ Түркиянын Гүленди кайтарып берүү боюнча өтүнүчүн карай турганын, бирок бул ишке ашыш үчүн айныксыз далил керектигин, акыр аягында маселени сот чечерин билдирген. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG