Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:13

Ош: “Жаштык” лагеринде жашагандар көчүрүлдү


"Жаштык" лагеринде жашагандарга берилген убактылуу чатырлар. 20-июль, 2016
"Жаштык" лагеринде жашагандарга берилген убактылуу чатырлар. 20-июль, 2016

Ош шаарындагы "Жаштык" лагерине 2010-жылдагы калаба учурунда барып, андан бери ошол жерде жашап келаткан 19 үй-бүлө калаа четиндеги аймактарга көчүрүлдү. Шаарда каттоосу бар 11 үй-бүлө Курманжан Датка-2 аймактык кеңешине, калган 8 үй-бүлө Төлөйкөн айылына көчүштү. Ар бир үй-бүлөгө бирден чатыр тигилди.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Жумамидин Сулайманкулов “Азаттык” радиосуна билдиргендей, тургундар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген чатырларда убактылуу жашап турушат. Аларга үй куруу үчүн жер бөлүп берүү боюнча комиссия иштеп жатат:

-Кандай тартипте жер бөлүү жаатында иштер жүрүп жатат. Комиссия тыкыр иликтейт. Эгер алардын башка жерде үйү же үй салууга жери бар экени аныкталса, анда үй курууга участок берилбейт.

Ушул тапта чатырларга көчүп чыккандарды электр жарыгы менен камсыздоо чаралары көрүлүп жатат.

2010-жылкы Июнь коогасы учурунда шаар четиндеги “Жаштык” лагерине үйсүз калган 40тай үй-бүлө көчүп барган. Көпчүлүгү турак-жайын оңдоп, кайра кетишкен. 19 үй-бүлө “мамлекет үй берсин” деген талап менен көчпөй отурушкан болчу.(SE)

XS
SM
MD
LG