Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Украинанын ИИМи журналист Шереметтин өлүмү боюнча негизги версияларды атады


Журналисттин унаасы жардырылган жер. Киев, 20-июль, 2016-жыл.
Журналисттин унаасы жардырылган жер. Киев, 20-июль, 2016-жыл.

Ички иштер министри Арсен Аваковдун кеңешчиси Зоран Шкиряктын билдиргенине караганда, бул жерде журналисттин кесиптик ишмердиги, кимдер бирөөнүн кастыгы, ошондой эле “Орусиянын изи” да болушу мүмкүн:

- Бул теракттын артында Орусиянын атайын кызматтары турушу мүмкүн. Бул катаал өлтүрүүнүн алдындагы шарт-жагдайлардын ырааттуулугу бизди ушундай жыйынтыкка түртүүдө.

Таанымал журналист Павел Шеремет айдап бара жаткан автоунаа бүгүн Киевде жергиликтүү убакыт боюнча эртең менен 7:45те жарылды.

Теги боюнча беларусиялык Павел Шеремет акыркы беш жылдан бери Киевде “Украинская правда” интернет сайты жана “Радио Вестинин “ журналисти катары иштеп жаткан.

Орусиялык жана беларусиялык медиа менен да кызматташчу.

“Украинская правда” интернет сайтынын башкы редактору Севгиль Мусаева-Боровиктин “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, Шереметтин өлүмү анын кесиптик ишмердиги менен тикелей байланыштуу.

АКШнын Украинадагы элчилиги таанымал журналисттин өлүмүн иликтөөгө ФБР да катышарын маалымдады.

ПАСЕ жана ЕККУ уюмдары украин бийликтерин бул кылмышты кылдат иликтөөгө чакырышты.

44 жаштагы Павел Шеремет 1999-жылы Журналисттерди коргоо комитетинин жана 2002-жылы ЕККУ уюмунун кадыр-барктуу сыйлыктарына арзыган. (UE)

XS
SM
MD
LG