Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Германияда поезд жүргүнчүлөрүнө кол салган өспүрүм пакистандык болуп чыкты


Бул тууралуу немис медиасы кабарлоодо. Мамлекет каржылаган коомдук ZDF телеканалынын маалыматына караганда, документтер жүргүнчүлөргө кол салган 17 жаштагы өспүрүм Ооганстан эмес, Пакистандын жараны экенин көргөзүп жатат.

Германиядан башпаанек сураган өспүрүм өлкөнүн түштүгүндөгү Бавария аймагында, 18-июль күнү жергиликтүү каттамдагы поездеги жүргүнчүлөргө балта жана бычак менен кол салган эле.

Ал өзү полиция тарабынан атып өлтүрүлгөнгө чейин беш кишини жарадар кылган.

Кол салуу үчүн “Ислам мамлекети” тобу жоопкерчилик алып, ошол учурдан тартылган делген видеону да таратты.

Бирок азырынча ысымы расмий айтыла элек өспүрүм, немис бийликтеринин эсебинде, “Ислам мамлекети” террордук тобу менен тикелей байланышта турбагандай. (UE)

XS
SM
MD
LG