Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:14

Апрелчилер маалымат жыйын курушат


Бишкек, 8-апрель, 2010-жыл.
Бишкек, 8-апрель, 2010-жыл.

Бүгүн апрель окуясында жабыркагандардан “Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү жана адвокаттар маалымат жыйын курушат. Алар Жогорку сотто ишти кароо кечеңдеп жатканын айтышууда.

Апрель окуясы боюнча соттолуучулардын адвокаттарынын келбей калганына жана айрымдарынын өтүнүчүнө байланыштуу Жогорку сотто 20-июлга мерчемделген отурум болгон жок. Мекеменин маалымат катчысы Айнура Токтошеванын айтымында, кийинки жараян 28-июлга белгиленди. Мыйзам боюнча өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгондордун иши каралганда алардын адвокаттары сөзсүз катышууга тийиш.

2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашкан. Ошол күнү бийликке каршы чыккан митингчилердин 90го жакыны окко учкан. Бул үчүн мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган айрым аткаминерлер сыртынан өмүрүнүн аягына чейин кесилген. Ал эми мурдагы мамлекеттик кеңешчи Элмурза Сатыбалдиевге, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороевге, мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункуловго жана УКМКнын “Альфа” атайын тобунун мурунку командири Алмаз Жолдошалиев 10 жылга соттолгон. Ушул айдын башында Аскер соту аларга тергөө абагында 2010-жылдан бери өтөгөн жаза мөөнөтүн эске алып, мунапыс жарыялаган. Бирок жабыркагандар буга нааразы болуп, Жогорку сотко кайрылышкан. (NT)

XS
SM
MD
LG