Линктер

Коомдук ишмер жана жарандык активист Ермек Нарымбаевге издѳѳ жарыяланганын жергиликтүү булактар жазып чыгышты. Нарымбаев дагы бир активист Мѳлдир Адилова менен бирге Украинага чыгып кеткени 14-июлда белгилүү болду. Көп узабай алар Киевде басма сѳз жыйын куруп, өз укуктары тепселип жатканын жана украин бийлигинен башпаанек сурай турганын айтышкан.

Ермек Нарымбаев 2015-жылдын аягында Facebookтагы баракчасында Мурат Телибековдун “Кѳчѳдѳгү шамал” китебинен үзүндү чыгаргандан кийин, улут аралык кастыкты козуткан деген айып менен соттолуп, кийинчерээк бошотулган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG