Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:14

Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди


Сейсмология институту билдиргендей, 20-июлдун кечинде Ош облусунда жер титирөө катталды.

Анын очогу Алай тоо кыркаларында, Бар-Дөбө айылынан түндүк-чыгышты көздөй 16 чакырым, Кара-Киндик айылынан 18 чакырым, Сары-Таштан 28, Нура айылынан 40 чакырым алыстыкта жайгашкан. Күчү очогунда 3,5, Алай районунун Бар-Дөбө айылында 2,5-3 балл, Кара-Киндикте 2,5 балл сезилди.

Сейсмологдордун маалыматы боюнча, Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондорунда сейсмикалык активдүүлүк күчтүү. Тескейден Памир тоолору Тянь-Шанга кагылышып тектоникалык чыңалуу жаралганына байланыштуу силкинүү келип чыгууда.

Айрыкча Нура айылында маал-маалы менен 2 баллдан жогору жер титирөөлөр болуп турат. 2008-жылы 5-октябрда бул жерде күчү 8 баллга жеткен зилзаладан 75 киши каза тапкан. (NT)

XS
SM
MD
LG