Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

Германиянын ички иштер министри жаңы кол салууларга даярданууга чакырды


Бавария, 18-июль, 2016-жыл.
Бавария, 18-июль, 2016-жыл.

Германиянын ички иштер министри Томас де Мезьер радикалдардын анча чоң эмес топтору же жихадчылардын кол салуулары дагы уланышы мүмкүндүгүн эскертти. Элди мындай окуяларга даяр жана этият болууга чакырды.

18-июлда Германиядан башпаанек сураган пакистандык он жети жаштагы адам өлкөнүн түштүгүндөгү Бавария аймагында жергиликтүү каттамдагы поезддеги жүргүнчүлөргө балта жана бычак менен кол салган эле. Аны полиция атып өлтүргөнгө чейин беш кишини жарадар кылган. Кол салуу үчүн өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган топ жоопкерчилик алды.

Былтыр 1 миллиондон ашык мигрант Германияга башкалка сурап кайрылган.

XS
SM
MD
LG