Линктер

Өлкө президенти Режеп Тайип Эрдоган 20-июлда мындай чечимди төңкөрүш аракетине байланышкан коркунучтар менен түшүндүрдү. Ошол эле маалда Эрдоган "тазалоолор", камакка алуулар уланарын кошумчалады. Кечээ ал Улуттук коопсуздук кеңешинин беш саатка созулган жыйынын өткөрүп, анда жаңы чаралар талкууланды.

Ага чейин бийлик куралдуу төңкөрүш боюнча 99 генералга расмий айып таккан. Өткөн аптадагы аскерий төңкөрүш аракетине катышы бар деп шектелген генералдар Түркиянын аскерий жетекчилигинин үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

15-июлдан 16-июлга караган түнкү аскерий төңкөрүш аракетинен соң кармалган же иштен четтетилген аскерлер, полиция, соттор, мамлекеттик кызматкерлер, окутуучулардын саны 50 миңге жакындады.

Расмий Анкара төңкөрүшкө АКШда жашаган диниятчы Фетхулла Гүленди айыптап, Вашингтонду аны өткөрүп берүүгө чакырууда. Гүлен Эрдогандын айткандарын четке кагып, төңкөрүштү бийлик өз максатын көздөп, атайлап уюштурган болушу мүмкүндүгүн билдирген.

XS
SM
MD
LG