Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:56

Бразилияда өтчү жайкы Олимп оюндарына бараткан кыргыз делегациясына балбан Арсен Эралиев капитан болуп дайындалды. Бул тууралуу Күрөш федерациясы кабарлады.

Рио-де-Жанейро калаасында өтчү Олимп оюндарына Кыргызстандан 19 спортчу барат. Алар: Арсен Эралиев, Жанарбек Кенжеев, Руслан Царев, Мурат Рамнов,(грек-рим күрөшү), Магомед Мусаев, Айсулуу Тыныбекова, Айаал Лазарев (эркин күрөш), Дарья Таланова, Денис Петрашов (сууда сүзүү), Эркин Адылбек уулу (бокс), Юлия Андреева, Виктория Полюдина, Дарьа Маслова, Мария Карабицкая, Илья Тяпкин (жеңил атлетика), Жаныл Окоева, Иззат Артыков (оор атлетика), Юрий Краковецкий жана Отар Бестаев (дзюдо).

Жайкы Олимп оюндары 5-августта башталып, 21-августка чейин уланат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG