Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:50

Журналист Павел Шереметтин өлүмүн эл аралык уюмдар "сөз эркиндигине чабуул" деп атады


Журналист Павел Шереметти эскерүү жөрөлгөсү. Украина, Киев. 20-июль, 2016
Журналист Павел Шереметти эскерүү жөрөлгөсү. Украина, Киев. 20-июль, 2016

Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын (ЕКПА) төрагасы Педро Аграмунт Павел Шереметтин өлүмүн "сөз эркиндигине жана журналисттердин коопсуздугуна каршы чабуул" деп сыпаттады. Ал Киевди кылмышты дыккаттык менен иликтөөгө чакырып, маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

Павел Шереметтин унаасы жарылган учур

Шереметтин өлүмүнүн терең иликтөөгө Европа коопсуздук жана кызматташуу уюму да чакырды.

Павел Шеремет шаршемби күнү эртең менен Киевде курман болгон. Тергөөнүн божомолу менен анын унаасына өзү дүрмөткө келүүчү жасалма жардыргыч зат орнотулган.

Украинанын укук коргоо органдары журналисттин өлүмүнө себеп катары үч божомолду айтышууда. Анын бири "Орусиянын изи" деп аталат. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги мындай билдирүүнү "русофобия" катары баалап, журналисттин коопсуздугун камсыз кыла албагандыгы үчүн Украина бийлигин айыптады.

XS
SM
MD
LG