Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:43

Германия Анкарадан өзгөчө кырдаал киргизүүдөн баш тартуусун талап кылды


Германиянын Тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер

Германиянын Тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер

Германиянын Тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Түркияны өзгөчө кырдаал киргизүүдөн баш тартуусун өтүндү. Министр өзгөчө кырдаалдын мөөнөтүнүн узактыгына тынчсыздануусун билдирди.

Штайнмайер түрк бийликтерин төңкөрүш жасоого аракеттенгендерди жазалоодо "мыйзамдын үстөмдүгү" принцибин кармануусуна чакырды.

Шаршемби күнү президент Режеп Тайып Эрдоган өлкөдө үч айга өзгөчө кырдаал киргизгенин жарыялаган. Мындай чара Эрдоганга парламентти айланып өтүп, жаңы мыйзамдарды кабыл алууга жол берет. Укук коргоочулар бул козголоңчуларга каршы репрессияга жол ачат деп кооптонуууда.

16-июлга караган түнү Түркияда төңкөрүш жасоо аракети ишке ашпай калган. Ага тиешеси бар делген алты миңдей мамлекеттик кызматкерлер, офицерлер, судьялар кармалган. Түрк университеттеринин 1500 деканы кызматтан бошотулуп, 20 миң мугалимдин лицензиясы кайтарылып алынган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG