Линктер

АКШ сенатору Тед Круз Дональд Трампты расмий колдоодон баш тартты


Президенттикке талапкер Дональд Трамп менен АКШ сенатору, мурунку Трамптын атаандашы Тед Круз

Президенттикке талапкер Дональд Трамп менен АКШ сенатору, мурунку Трамптын атаандашы Тед Круз

АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамптын мурунку атаандашы сенатор Тед Круз Республикачылар партиясынын курултайында күтүүсүз билдирүү жасап, Дональд Трампка добуш берүүгө чакырбай койду.

"Бизге өлкөнү, элибизди бөлүп-жара турган эмес, тескерисинче бириктире турган принципиалдуу лидер керек. Ал ачуу менен эмес, сүйүү, сабырдуулук менен иш алып барышы керек" деген Тед Круз өзүнүн 20 мүнөттүк сүйлөгөн сөзүндө Дональд Трамптын атын бир эле жолу атады.

Дональд Трамп расмий түрдө Республикалык партиянын атынан АКШнын президенттигине талапкер катары көрcөтүлгөн. Салтка ылайык расмий талапкер аныкталган соң, трибунага чыгып сүйлөгөн ар бир делегат талапкерди колдоп, ага добуш берүүгө чакырышы керек.

Круздун Трампты колдобой койгону зал ичинде "Биз Трампты шайлайбыз" деген нааразылык кыйкырыктары менен коштолду.

Президенттикке талапкерлердин бирөөсүнүн мындай күтүүсүз аракети, Республикалык партиянын мүчөсү АКШнын мурдагы президенти Жорж Буштун курултайга катышпагандыгы партия ичиндеги бекем биримдиктин жоктугунан кабар берет.

XS
SM
MD
LG