Линктер

21-июлдан 23-июлга чейин Кыргызстанда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Айрым райондордо катуу жаан болот. Бийик тоолуу райондордо кар түшүшү мүмкүн.

21-июлда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 20 метрге чейин жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +25...+30,

Талас жергесинде түнкүсүн +11...+16, күндүз +23...+28,

Баткен облусунда түнкүсүн +12...+17, күндүз +27..+32,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +15...+20, күндүз +28...+33,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +11...+16, күндүз +18...+23,

Нарын облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +20...+25.

Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Түнкүсүн +16…+18, күндүз +26…+28 градус болот.

XS
SM
MD
LG