Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:53

Кыргызстан аймагында каракурт көбөйө баштаганы айтылууда


Кыргызстанда кооптуу жөргөмүштөрдүн бири саналган каракурт көбөйө баштаганы айтылууда. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын адиси Дмитрий Милько билдирди. Адистер бул жаатта изилдөө жүргүзүп, анын кооптуулугу боюнча лабораториялык текшерүүлөрдү өткөрүп жатат.

-Кыргызстанда жөргөмүштүн 600дөн ашуун түрү бар. Көбөйгөн жандык каракурт экенин байкаш үчүн терең изилдешибиз керек,- деди Милько.

Каракурт уулуу жөргөмүш болуп эсептелет. Адистердин айтымында, ал кооптуу абалда калган учурда гана адамды чагышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG