Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:17

Бул тууралуу Туркиянын вице-премьери Нурман Куртулмуш билдирди.

Буга чейин Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Түркиядан өзгөчө кырдаал киргизүүдөн баш тартуусун талап кылган. Штайнмайер түрк бийликтерин төңкөрүш жасоого аракеттенгендерди жазалоодо "мыйзамдын үстөмдүгү" принцибин карманууга чакырган эле.

Түркиянын вице-премьери кошумчалагандай, Эрдоган өзгөчө кырдаалды өз эрки менен бир же бир жарым айдын ичинде кайра жокко чыгарышы мүмкүн.

Шаршемби күнү президент Режеп Тайып Эрдоган өлкөдө үч айга өзгөчө кырдаал киргизгенин жарыялаган. Мындай чара Эрдоганга парламентти айланып өтүп, жаңы мыйзамдарды парламентсиз эле кабыл алууга жол берет. Укук коргоочулар бул козголоңчуларга каршы репрессияга жол ачат деп кооптонууда.

16-июлга караган түнү Түркияда төңкөрүш жасоо аракети ишке ашпай калган. Ага тиешеси бар делген алты миңдей мамлекеттик кызматкерлер, офицерлер, судьялар кармалган. Түрк университеттеринин 1500 деканы иштен бошотулуп, 20 миң мугалимдин лицензиясы кайтарылып алынган.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG