Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Укук коргоочулар: Донбасстагы жаңжалга эки тарап тең күнөөлүү


Human Rights Watch жана Amnesty International уюмдарынын логосу
Human Rights Watch жана Amnesty International уюмдарынын логосу

Бүгүн, 21-июлда Human Rights Watch жана Amnesty International адам укугун коргоочу уюмдар Чыгыш Украинадагы жаңжалда адам укуктарын одоно бузгандыгы үчүн эки тарапты тең күнөөлүү деп тапты.

Бул уюмдар жарыялаган документте өзүн көз карандысыз деп жарыялаган республикалардын жикчилдери адамдарды уурдап, мыйзамсыз камакка алып, кыйнагандыгы жазылган. Ушундай эле айып Украинанын бийлигине да коюлган. Украинанын коопсуздук кызматы жикчилдер менен байланышы бар деп шектелген адамдарды камап жүрүшкөн.

Мурун дайынсыз жоголду делген адамдар туткундарды алмашууга келгенде эле тирүү экени билинип калып жаткан учурлар "аскердик кылмыш" катары бааланары белгиленет докладда.

XS
SM
MD
LG