Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:41

Ереван: полиция имаратынын алдына жүздөгөн адам чогулду


Армения, Ереван.

Армения, Ереван.

Ереванда барымтага алынган полиция имаратынын алдында кайрадан жүздөгөн адам чогулду. Бул тууралуу "Интерфакс" жазып чыкты.

Маалыматка караганда, акция катышуучулары бир нече полиция кызматкерин туткунда кармап турган куралуу топту колдоп, Армения президентинин отставкасын талап кылышууда.

Полиция азырынча эч кандай аракет көрө элек. Күбөлөр имарат жактан мылтык үндөрү угулуп жатканын айтышкан. Активисттер куралдуу топ ок атуу менен өз колдоочуларын кубаттап жатканын кабарлашты.

Кечээ Армениянын Ички иштер министрлигинин имаратынын жанында нааразылык акциясына чыккандар менен полиция кагылышып, 136 киши кармалган. Кийинчерээк алардын көбү бошотулуп, полиция бөлүмүндө 28 адам калган. Бул арада 16 активистке жапырт башаламандыкка катышты деген айып менен кылмыш иши козголду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG