Линктер

Республикачылар партиясынын Огайо штатынын Кливленд шаарында 21-июлда өткөн курултайында миллиардер Дональд Трамп президенттикке талапкер катары ат салышууга расмий макулдугун берди. Эгерде ал шайланып калса коопсуздукка, башка мамлекеттерге эмес, өлкөнүн ички тартибине өзгөчө көңүл бурарын, Кошмо Штаттарды өнүктүрүп, тынчтыкты башкы орунга коерун айтты.

Буга чейин делегаттардын курултайында ал көпчүлүк добуш менен аталган партиядан талапкер катары тандалып алынган. Трампка мурдагы мамлекеттик катчы, Демократиялык партиядан талапкер Хиллари Клинтон негизги атаандаш болушу ыктымал. Демократтар талапкерин кийинки жумада тандайт.

АКШда президенттик шайлоо 8-ноябрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG